Шашылыш билдирүү! 20-25-апрелде аба-ырайы кескин бузулат
RU

Шашылыш билдирүү! 20-25-апрелде аба-ырайы кескин бузулат

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызгидромет борборунун маалыматы боюнча, 20-апрелден 25-апрелге чейин өлкөдө туруксуз аба ырайы күтүлөт.

20-21 жана 24-апрелде күндүз жана 25-апрелде түнкүсүн айрым райондордо кара жамгыр жаашы мүмкүн. Кээ бир аймактарда мөндүр жаайт.

Абанын температурасы төмөндөп, бийик тоолуу райондордо жолдор тайгак жана тоңголок болот. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метр, кээ бир райондордо 15-20 метрге чейин жетиши ыктымал.

Мындай аба ырайы автоунаа, энергетика жана коммуналдык кызматтардын ишин жана жайыттарда мал кармоону кыйындатат.

20-апрелден 25-апрелге чейинки мезгилде туруксуз аба ырайына жана күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу өлкөнүн тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүп, дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү мүмкүн.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6422