Айгүл Жапарова Бакуга кандай кийинип барды? (фото)
RU

Айгүл Жапарова Бакуга кандай кийинип барды? (фото)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өлкөнүн биринчи айымы Айгүл Жапаров президент Садыр Жапаровду Азербайжанга болгон иш сапарына коштоп барды.

Анын программасы өлкө башчысынан кыйла айырмаланып турду. Президент азербайжандык кесиптеши жана ири бизнес өкүлдөрү менен жолугуп жаткан маалда, Айгүл Жапарова Баку шаарындагы бир катар мекемелерге баш бакты. Kaktus.kg кыргызстандык биринчи айымдын образдарын чогултту.

Айгүл Жапарова Азербайжанга жакасы жайык, күлгүн түстөгү көйнөк кийип келген.

Салтанаттуу тосуп алуудан кийин кыргыз делегациясы Бакудагы ардактуу бейитке барышкан. Мында биринчи айым көйнөгүнүн үстүнөн ак түстөгү жука пальто кийип алган. Анын фасону да күлгүн көйнөгүнө окшош болчу.

Андан кийин кыскартылган делегациянын коштоосунда Жапарова улуттук килем музейине барды. Бул иш чара үчүн ал ак түстөгү "двойка" костюм кийип келген. Мойнуна жибек шарфын жарашыктуу байлап алган.

Ал эми Ильхам жана Мехрибан Алиевдердин расмий кабыл алуу кечесине күңүрт жашыл түстөгү атлас көйнөк кийип келген.

Ошол эле көйнөгү менен Гейдар Алиевдин борборуна барды.

Ал эми Кыргызстанга учуп кетип жатканда, буга чейин кийип чыккан шым-костюмун кийип кеткен.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6436