Путин "Азовсталдын" чабуулун токтотууну буйрук кылды
RU

Путин "Азовсталдын" чабуулун токтотууну буйрук кылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин "Азовсталь" промзонасынын чабуулун максатсыз деп атап, токтотууну буюрду. Бул тууралуу Кремлдин сайтына шилтеме берип Лента.ру жазды.

Бүгүн, Владимир Путин, РФтин коргоо министри Сергей Шойгу менен сүйлөшүп жаткан учурда россиялык жоокерлердин өмүрүн сактап калуу максатында "Азовсталь" промзонасына болгон чабуулду токтотуу керектигин баса белгилеген.

Анын айтымында, жоокер менен офицерлерге катакомбаларга кирип, бардыгын тазалоонун зарылчылыгы жок. Болгону чымын учуп кире албагыдай кылып блоктоп салуу жетиштүү.

Украинадагы атайын операциянын жүрүшү тууралуу отчет берген Шойгу Мариуполь шаарынын бошотулганын, согушкерлер чегингенде, жөнөкөй жарандардын артына жашынганын билдирди.

Путин беттештерге катышкан бардык россиялык жоокерлерди мамлекеттик сыйлыктарга көрсөтүүнү тапшырды.

Эске салсак, Мариуполь шаарындагы ок атышуу февраль айынан бери жүрүп жатат. Апрелдин башында ДНРдин элдик милициясынын өкүлү Эдуард Басурин шаар толугу менен блоктолгонун, украиналык аскерлер негизинен шаардын борборунда, деңиз портунда жана "Азовсталь" промзонасында айыгышкан карышылк көрсөткөнүн кабарлаган болчу.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6441