УКМК "Өлбөс полктун" жүрүшүнө Z тамгасы бар аскер формасын кийбөөгө чакырды
RU

УКМК "Өлбөс полктун" жүрүшүнө Z тамгасы бар аскер формасын кийбөөгө чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

9-майда Улуу Жеңиш күнү майрамдалат. Буга байланыштуу УКМК шаардыктарга кайрылып, Z тамгасы бар аскер формасын кийбөөгө жана ошондой форманы ижарага бербөөгө чакырды. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирди.

"Улуттук коопсуздук кызматынын органдары карнавал костюмдарын ижарага берген мекемелерге кайрылып, Z символикасы бар аскер формаларын прокатка бербегиле деп суранат. Мындай белгилер улуттар арасындагы араздашууну жаратат. Жалпы эле шаардыктарга да кайрылып, 9-майда, Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиш күнүндө, "Өлбөс полктун" жүрүшүндө жогоруда айтылгандай форманы кийбөөгө үндөйт", - деп кайрылууда айтылган.

УКМК КРдин мыйзамы боюнча, улуттар арасындагы кастыкты козутууга багытталган иш аракеттер үчүн жоопкерчиликке тартыла тургандыгын эскертет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6451