Мариуполдун жанында дагы бир болжолдуу массалык мүрзөнүн сүрөтү жарыяланды
RU

Мариуполдун жанында дагы бир болжолдуу массалык мүрзөнүн сүрөтү жарыяланды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Орус аскерлери басып алган Виноградное айылындагы көрүстөндүн жанында адамдар жапырт көмүлгөн дагы бир болжолдуу мүрзөнүн спутниктен тартылган сүрөтү жарыяланды.

Айыл Мариуполдон беш чакырымдай алыс экенин "Азаттыктын" украин кызматынын "Схемалар" долбоору маалымдады.

Журналисттерге жеткиликтүү болгон спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, көрүстөндө марттын аягында аң казылып, акыркы үч жумада аянты кыйла кеңейген. Аны Мариуполдун мэри Вадим Бойченко тастыктап, жүздөгөн кишинин сөөгү көмүлгөн болушу мүмкүндүгүн айткан.

Мурдараак Мариуполдон 20 чакырым алыстагы Мангуш айылында да болжолдуу жапырт мүрзө табылганы кабарланган. Спутниктен тартылган сүрөттөргө караганда, ал март айынын соңунда пайда болгон.

Орусия бул маалымат боюнча азырынча комментарий бере элек.

Маалымат Azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6456