11 миң жасалма долларды сатууга аракет кылган жаран кармалды
RU

11 миң жасалма долларды сатууга аракет кылган жаран кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

21-апрелде, Бишкекте уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү кармалды. 1983-жылы туулган Ж.М.Ж. 11,5 миң жасалма доллар сатууга аракет кылып жаткан жеринен кармалды. Бул тууралуу Улуттук коопсуздуктан мамлекеттик кызматынын басма сөз бөлүмү кабарлады.

Тактап айтканда, Бишкек шаарында уюшкан кылмыштуу топтун айрым мүчөлөрү чет мамлекеттердин биринен алып келинген жасалма АКШ долларын сатуу боюнча туруктуу эл аралык канал түзүшкөнү боюнча ыкчам маалыматтар алынган.

Кармалган Ж.М.Ж. КР Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-беренесине ылайык КР УКМК тергөө камак жайынын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.

Азыркы учурда бул мыйзамсыз ишке тиешеси бар башка адамдарды аныктоо боюнча тиешелүү ыкчам-тергөө иш-чаралар жүргүзүлүүдө.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6457