Адвокат: Кадыр Досонов (Дженго) жакындарына зыян келтирбейин деп УКМКга өзү келген
RU

Адвокат: Кадыр Досонов (Дженго) жакындарына зыян келтирбейин деп УКМКга өзү келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кадыр Досонов (кримтөбөл, Дженго каймана аты менен таанымал - ред.Kaktus.kg) УКМКга өзү келген, анткени анын жакындарына кысым көрсөтүлө баштаган, деп Kaktus.media'га анын адвокаты Назгүл Сүйүмбаева айтып берди.

Анын айтмында, 10-февралда, түнкү саат 23:50дө Досонов өзү УКМКнын Ош облусу боюнча башкармалыгына адвокаты менен келген.

"Менин жакталуучумду жер тилкесин мыйзамсыз басып алган деген айып менен убактылуу кармоочу жайга камашты", - деп айтып берди адвокат.

Досоновдун мурунку аялы Ошто үй салып, өзүнүн аймагынан чыгып кеткен экен. Ошондуктан ага издөө жарыяланган.

"Бул иште физикалык жактардын ортосунда сатуу-сатып алуу жүргөн болчу, бирок УКМКнын тергөөсүнүн пикири боюнча ал жер тилке айыл өкмөтүнө берилген, ал эми Досонов бийлик өкүлдөрүн коркуткан имиш", - деп сөзүн жыйынтыктады Сүйүмбаева.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/646