Илон Маск Twitter'ди 44 миллиард долларга сатып алды
RU

Илон Маск Twitter'ди 44 миллиард долларга сатып алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Tesla жана SpaceX'тин негиздөөчүсү Илон Маск Twitter'ди 44 миллиард долларга сатып алды. Бул тууралуу Lenta.ru жазды.

"Twitter, Inc. бүгүн акыркы чечимин кабыл алып, Илон Маскка таандык компанияга сатылды. Бир акция 54,2 долларга бааланып, келишимдин жалпы суммасы 44 миллиард доллар болду", - деп компания маалымдаган.

Сөз эркиндиги - бул демократиянын өзөгү, ал эми Twitter - шаардык санарип аянт. Анда адамзаттын келечеги үчүн маанилүү маселелер талкууланат. Мен да Twitter'ди мыктылагым келет. Ага жаңы функцияларды кошуп, ишенимди жогорулатуу үчүн алгоритмдердин ачык болушун каалайм. Спам-ботторду жеңип, бардык адамдарды аутентификациялагым келет.

Ошол эле маалда, Илон Маск өзүн Twitter'дин идеалдуу эмес жетекчи деп баа берди. Далай каталарды кетиришим мүмкүн, дейт ал.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6483