Май айында 9 күн катары менен эс алабыз
RU

Май айында 9 күн катары менен эс алабыз

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинети май айындагы дем алыш күндөрдү жылдыруу чечимин кабыл алган. Ага ылайык, беш күндүк график менен иштегендер үчүн 1нен 9-майга чейин дем алыш күн болуп саналат.

  • 30-апрелде иштеп (ишемби), анын ордуна 4 майда (шаршемби) дем алыш күн болот ;
  • 14-майда иштеп (ишемби), анын ордуна - 6-майда (жума) эс алабыз.

Эске салсак, 1-майда республикада Эл аралык эмгек күнү белгиленет, 2-майга Орозо айт туш келүүдө. 3-май дем алыш күн, себеби 1-май жекшемби күнгө түшүп калууда. 5-май Конституция күнү. 7си жана 8и ишемби жана жекшемби күндөр. 9-май - Жеңиш күнү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6491