Газпромбанктын вице-президенти Украинага тарапка өттү
RU

Газпромбанктын вице-президенти Украинага тарапка өттү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Газпромбанктын вице-президенти Игорь Волобуев Россиядан чыгып кетип Украина тарапка өткөн.

"Мен Россияда башка жүрө албай калдым. Улутум боюнча украиналыкмын, мен Ахтыркада туулуп өскөм. Россия меннин мекенимде кылып жаткан иштерди жөн карап тура алган жокмун. Менин мекениме кайтып келгеним, кечирим сураганым. Россиялык өткөн чагымдан тазалангым келип турат. Украина жеңишке жеткенге чейин бул жакта калам.

Бул Путиндин, россиялык бийликтин жана россия элинин жасап жаткан кылмышы. Анткени украиналыктарды путин өлтүргөн жок, украиналык аялдарды Путин зордуктаган жок, унитаздарды да Путин уурдабай эле. Мунун бардыгын орус эли жасап жатат. Менин улутум украиналык болгону менен менде да жоопкерчилик бар. Мен аябай уялып жатам, өмүр бою уялам. Анткени менде эки эселенген жоопкерчилик. Мен жөн эле россиялык эмесмин. Мен Украинада туулуп, өсүп, 18 жыл жашагандан кийин кеткем. Ошондуктан мендеги жоопкерчилик чоң", - деп Игорь Волобуев.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6494