Путин Батышты чагылгандай сокку күтүп турганын айтып коркутту
RU

Путин Батышты чагылгандай сокку күтүп турганын айтып коркутту

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын президенти Владимир Путин эгер Украинадагы кырдаалга үчүнчү өлкөлөр кийлигишсе, ал өлкөнү чагылгандай тез сокку күтүп турганын айтты. Бул тууралуу Путин Санкт-Петербургда жасаган билдирүүсүндө айтканын чет элдик басылмалар жазышты.

"Дагы бир жолу баса белгилегим келет, эгерде кимдир бирөө болуп жаткан окуяларга сырттан кийлигишүүнү көздөп, Россия үчүн кабыл алынгыс стратегиялык коркунучтарды жаратса, аларга биздин жооп чагылгандай тез сокку болот. Бул үчүн бизде бардык каражаттар бар. Биз мактанбайбыз. Керек болсо колдонобуз. Бул тууралуу бардыгы билишин каалайм, бул маселе боюнча биз бардык чечимдерди кабыл алдык!", - деген Путин.

Ошондой эле Путин Россиянын Донбасста жана Украинадагы атайын аскердик операциясы эч кандай шартсыз аткарыларын баса белгилеген.

"Россия ага каршы жасалып жаткан экономикалык кысымды да согуштук аракеттерге сарпталып жаткан чыгашаларды да көтөрө алат.

Батыш бизди туңгуюкка түртүп жатат, бирок максатына жеткен жок. Колунан келбегендерине ичи күйүп, Россияга каршы экономикалык согушту башташты...", - дейт Путин.

Россия Украина мамлекетинин калыптанышына бир тууган катары мамиле жасаган, биз албетте алар менен дос болууну каалаганбыз. Бирок Россиянын тарыхый территориясында "анти-Россиянын" түптөлүшүнө жол бербейбиз. Украина жөн гана куралга айланат...", - дейт РФтин президенти Владимир Путин.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6505