Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды
RU

Акылбек Жапаров ооруканага жаткырылды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 28-апрелде эртең менен Акылбек Жапаров М. Миррахимов атындагы Улуттук кардиология жана терапия борборуна жүрөгү ооруп, кан басымы төмөн түшүп кеткен абалда жеткирилген. Бул тууралуу өкмөттүн басма сөз кызматы билдирди.

Электрокардиография жана коронаграфия жүргүзүлүп, инфаркт миокарда диагнозу тастыкталган жок. Бирок жүрөк кан тамырлары карышып (спазм сосудов сердца) калганы аныкталган.

Учурда министрлер кабинетинин төрагасынын абалы туруктуу.

Дарыгерлер консилиум өткөрүп, Акылбек Жапаров ооруканада жатып калыбына келиши керек деген бүтүм чыгарышкан.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6509