Алымкадыр Бейшеналиевдин короосунда кыздар үчүн мектеп бар (видео)
RU

Алымкадыр Бейшеналиевдин короосунда кыздар үчүн мектеп бар (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министри Алымкадры Бейшеналиевдин үйүнүн короосунда кыздар үчүн мектеп ачылган. Бул тууралуу министр НТС телеканалына берген интервьюсунда айтып берген.

Телеканалдын журналисттери жарамазан айтып, министрдин үйүнө барышкан. Учурдан пайдаланып, министр үйүн көрсөткөн. Көрсө, короосунда "Арча-Бешик" деп аталган мектеп бар экен.

"Үйдү учөөлөп салганбыз, мен, уулум анан эжем. Андан кийин мектеп кылдык. Бул жерде 400 кыз 11-класска чейин окуйт. Андан тышкары, ыйман сабагы өтүлөт. Быйыл 9-класстын биринчи бүтүрүүчүлөрү чыгат. Ошого даярданып жатабыз", - дейт ал.

Министрдин айтымында, мектепти досу менен биргелешип ачкан.

"Досум динге жакын. Имаратты ошол салган, кийин чогуу мектеп ачтык. Министрдин мектеби бар экен, деген сөздөр айтыла баштаганда негиздөөчүлөр тизмесинен чыгып кеткем", - деп министр айтып берди.

Каржынын жетишсиздигинен кээде өзү да кол кабыш кыла турган жумушчу боло калат.

"Кышкысын кочегар болуп иштейм. Болбосо ага да айлык деп 20-25 миң сом төлөш керек. Кышкысын от жагам, жайкысын сугарам, жубайым жыйнайт. Жумуштан келип, короо шыпырам, бактарды сугарам", - деп кошумчлады.

Окутуунун баасы үч маал тамагы менен 2 миң сом. Мектептин лицензиясы бар.

"Бул жерден намаз окуганды үйрөтүшөт. Кыздарды туура багытта тарбиялашат", - деп министр Kaktus.kg'ге айтып берди.

Бейшеналиевдин айтымында, мектепте жалаң эле динге үйрөтпөстөн, стандарттык мектеп программасын да беришет.

"Эртең менен жумушка баратканымда, короодон 200гө чукул окуучу кыздар мени узатышат. "Алымкадыр байке, оорубаңыз, жакшы иштеп келиңиз!" деп айтышат. Бул менин маанайымды көтөрөт. Анан ошол маанайда барып Исманкулов менен алышам", - деп тамашалап, күлдү.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6511