Айып короодо турган төрт автоунаа өрттөнүп кетти
RU

Айып короодо турган төрт автоунаа өрттөнүп кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чокон Валиханов көчөсүндө жайгашкан айып короосунда турган төрт автоунаа күйдү. Бул тууралуу ӨКМдин маалымат кызматы кабарлады.

Ведомствонун билдиргенине караганда, өрт кечээ, 28-апрелде катталган.

Төрт машиненин экөөсү: "Ауди-80" жана "Ниссан Примера" үлгүсүндөгү автоунаа толугу менен өрттөнгөн. Ал эми "Хонда Аккорддун" мотору "Мицубисинин" со бампери күйгөн.

Аталган мекеме өрттүн себеби такталып жатканын билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6516