BMWнин айдоочусу пешеходдон өтүп бараткан кызды учура сүздү
RU

BMWнин айдоочусу пешеходдон өтүп бараткан кызды учура сүздү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 29-апрелде кечки саат 21:00до, Москва районундагы Петровка айылында жол кырсык катталган. BMWнин айдоочусу жөө өтмөктөн өтүп бараткан жүргүнчүнү учура сүзгөн. Бул тууралуу Чүй облусу боюнча Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкармалыгынан билдиришти.

Сүйзүп кеткен айдоочу окуя болгон жерден качып кеткен. Ал эми 23 жаштагы Д.Г. оор абалда реанимацияга жеткирилген.

Кийинчерээк 2002-жылы туулган З.Ж аттуу жаран Бишкек шаарынан кармалган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6524