Султанбаев: Президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн кубаттайт
RU

Султанбаев: Президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн кубаттайт

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров укук коргоочулар жана жарандык активисттер менен жолугушту. Бул тууралуу өлкө башчысынын катчысы Эрбол Султанбаев Facebook баракчасына жазган.

Анын айымында, өлкө башчы Садыр Жапаров бир катар укук коргоочулар, жарандык коомдун активдүү өкүлдөрү менен жолугушуда коомдогу актуалдуу маселелер боюнча пикир алмашып, жалпыга маалымдоо каражаттарынын, иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгү туурасында сөз болду.

"Кошумчалай кетсем, президент иликтөөчү журналисттердин ишмердүүлүгүн ар дайым кубаттайт", - дейт катчы.

Журналисттер мыйзамсыз аракеттер менен күрөшүүгө чоң жардам көрсөтөт.

"Ошол эле учурда, мамлекет башчысынын иликтөөчү журналисттер өз материалдарында бейтараптуулукту, ар тараптуулукту, фактыларды карманышы керек деген өтүнүчүн билдиребиз. Иликтөөчү журналисттер маалыматтарды тактап, текшериш үчүн мамлекеттик органдарга кайрылууну сунуштайбыз. Эгер, тигил же бул орган маалымат бербей, ашыкча бюрократия кылса мага же Президенттин Администрациясына кайрылыңыздар.

Биз так маалыматты алып беребиз", - деп Эрбол Султанбаев убадасын берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6525