"Элсом" эч нерсе кылбасаң да комиссия кармап калабы?
RU

"Элсом" эч нерсе кылбасаң да комиссия кармап калабы?

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Twitter'дин Rahat Sabyrbek деген колдонуучусу "Элсом" электрондук капчык активдүүлүгү жок болгону (за неактивность) үчүн 40 сом комиссия кармап калды, деп билдирүү жазды.

Дагы бир Zefirka аттуу колдонуучу анын капчыгынан 60 сом кармап калганын билдирип, ага да так эле ушундай билдирүү келгенин билдирди.

Kaktus.kg KICB банкы менен байланышууга аракет кылды, бирок азырынча эч кандай комментарий ала элек.

Эске салсак, KICB банкы "Элсом" тиркемесинин иштеп чыгуучусу.

Эгер сиз да ушундай көйгөйгө туш болсоңуз биз менен байланышыңыз.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6527