Президент: "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок
RU

Президент: "Өлбөс полк" жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Президент Садыр Жапаров "Өлбөс полк" жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок деп эсептейт. Мындай пикирин өлкө башчысы социалдык тармактагы аккаунтуна жазган.

"Урматтуу кыргызстандыктар! Бүгүнкү 1-Май - Эмгек майрамы менен куттуктаймын.

Өлкөбүздө тынчтык болуп, Кудай элибиздин көкүрөгүнө ыйман толтуруп, ырыскысын мол берсин.

"Тарыхын билбеген элдин келечеги жок" деген накыл сөз бар. Анынсыңарындай, биз тарыхыбызды унутпашыбыз керек.

Улуу Ата мекендик согушка СССРдин курамына кирген 15 өлкө тең катышкан. Анын ичинде Кыргызстан да бар. Ал согушка биздин 365 миңден ашуун ата-бабаларыбыз аттанган. Анын болжол менен 100 миңден ашыгы кайра кайткан эмес.

Азыр алардын миллиондогон небере-чөбөрөлөрү бар. Алар жылда 9-Май - Жеңиш күнүн майрамдашат. "Өлбөс полк" аттуу жөө жүрүшкө да чыгып келе жатышат. Ошондуктан алардын мындай жөө жүрүшүнө тыюу салууга эч кимдин акысы жок. Ал эми мен болсо, жылдагыдай эле Өчпөс отко гүл коюп, согуш ардагерлери менен жолугуп, баатыр бабаларыбызды эскерүү иш-чарасына катышам", - деп Садыр Жапаров билдирди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6533