Россияда сабак учурунда согушка каршы пикирин билдирген мугалим иштен алынды
RU

Россияда сабак учурунда согушка каршы пикирин билдирген мугалим иштен алынды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россиянын Краснодар крайындагы орто мектептин мугалими - Маручана Воронина сабак учурунда согушка каршы пикирин айтканы үчүн иштен алынган. Буга нааразы болгон окуучулар менен ата-энелер мугалимди колдоп, жергиликтүү бийликке жалпы кат жазышты. Окуучулар мугалимин колдогон сүрөттөр тартылган плакаттарды алып келишкен. Шаардык бийлик мугалим иштен өз каалоосу менен кеткенин билдирүүдө.

Украинадагы согушка каршы маанайын билдирген мугалимдин сабагын окуучулардын бири телефонуна тартып алып, ата-энесине көрсөткөн. Алар эжейди "русофобиялык үгүт" жүргүзүп жатат деп айыптап, бийликке даттанышкан.

Жергиликтүү басылмалар маалымдагандай, Воронина иштеген мектепте күч кызматтары текшерүү жүргүзүүдө.

Буга чейин Россиянын Украинага каршы баскынчылык аракеттерин сынга алган бир катар активисттер, журналисттер, артисттер жана башка жарандар куугунтукка алынышкан. Айрымдары мекенин таштап коопсуз жакка кетүүгө аргасыз болушкан.

Маалымат Azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6537