"Ынтымак" сейил багында 9-майга чейин бекер оюн-зооктор уюштурулат. Убактысы
RU

"Ынтымак" сейил багында 9-майга чейин бекер оюн-зооктор уюштурулат. Убактысы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кечээ, 1-майда Бишкектеги "Ынтымак-2" сейил багында Кыргыз мамлекеттик циркинин артисттери шаардыктарга оюн-зоок көрсөтүштү. Бул тууралуу Маданият министрлиги билдирди.

Белгиленгендей, шаардыктар балдары менен атайын даярдалган майрамдык оюн-зоокко келишкен.

Бүгүн, 2-майда саат 18:00дө цирк артисттери өз оюнун улантышат.

Маалыматка ылайык, 9-майга чейин "Ынтымак-2" сейил багында шаардыктар үчүн ушундай эле көрсөтүүлөр даярдалган. Күн сайын саат 18:00 чамасында артисттер шаардыктарды оюн-зоок менен кубандырат.

Графиги:

  • 3-майда - Муса Жангазиев атындагы Мамлекеттик куурчак театрынын артисттери.
  • 4-май - Молдобасанов.К атындагы Кыргыз улуттук консерваториясынын артисттери.
  • 5-май - Т.Сатылганов атындагы Кыргыз улуттук филармониясынын артисттери.
  • 6 жана 7-майда - кыргыз элдик "Манас" театрынын артисттери.
  • 8-майда - А.Малдыбаев атындагы Кыргыз улуттук академиялык опера жана балет театрынын артисттери.
  • 9-май - Т.Абдумомунов атындагы Кыргыз улуттук драма театрынын артисттери.

Кошумчалай кетсек, мындай иш-чаралар 1, 3, 5, 7 жана 9-май күндөрү аймактарда да уюштурулат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6543