Швейцариялык гезит Путиндин 2015 жана 2019-жылдары төрөлгөн уулдары тууралуу жазды
RU

Швейцариялык гезит Путиндин 2015 жана 2019-жылдары төрөлгөн уулдары тууралуу жазды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

2015 жана 2019-жылдары орусиялык Көркөм гимнастика боюнча Олимпиада чемпиону Алина Кабаева Россиянын президенти Владимир Путинден эки уулдуу болгон. Бул тууралуу швейцариялык "SonntagsZeitung" гезити төрөттү кабыл алган дарыгерге таянуу менен жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, биринчи ымыркай Швейцариянын Лугано шаарында төрөлгөн. Төрөткө Путин катышкан эмес. Ал эми экинчи ымыркай президенттин чечими менен Москвада төрөлгөнү айтылат.

Эки жолку тең төрөттү кабыл алган гинеколог Тичино аймагындагы элиталык "Сант Анна" клиникасында иштеген. Орусияда төрөлүп, бирок 30 жылдан ашык убакыт мурун Швейцарияга эмиграцияланган. Ошондой эле ал Путин менен жаш кезинен бери тааныш жана ишенимдүү мамиледе экени маалымдалат. Ал Кабаеванын экинчи төрөтү үчүн Москвага келген.

Алина Кабаева кош бойлуу кездеринде бир нече жолу Лугано шаарына келип турганы жана төрөткө апасы, эжеси менен жан сакчыларсыз келгени айтылат.

38 жаштагы гимнаст Кабаева 2001-жылдан бери Путиндин "Бирдиктүү Орусия" партиясынын мүчөсү, 2007-жылы Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты болгон. Мындан тышкары улуттук медиа тобунун башкы директору болуп дайындалган.

Булак: Супер.кж

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6544