Еревандагы оппозициялык митингге миңдеген адам кошулду (сүрөт)
RU

Еревандагы оппозициялык митингге миңдеген адам кошулду (сүрөт)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Ереванда баш ийбөөчүлүктүн нааразылык акциялары өтүп жатат, демонстранттар баш калаанын ондогон көчөлөрүн тосушту, деп маалымдайт маалымат каражаттары.

ТАССтын маалыматына караганда милиция жолдорду жабууга аракет кылып жатат,, коопсуздук күчтөрү буга чейин 125тен ашуун адамды кармашкан.

"Азаттык" радиосунун армян кызматынын маалыматына караганда, Еревандын борбордук бөлүгүндөгү ондогон көчөлөр жабылды. Нааразылыкка чыккандар Маштоца, Пушкин, Маштоц-Амирян кесилиштеринде олтургучтарды, таштанды челектерин пайдаланып баррикада жасап жатышат. Эң негизги акция өткөн "Франция" аянтынын төрт тарабы тең тосулду.

Эки апта мурда Армениянын премьер-министри Никол Пашинян "эл аралык коомчулук армян тараптан Тоолуу Карабактын макамы боюнча талаптарын төмөндөтүүнү күтүп жатканын" айткандан кийин акциялар башталган.

Оппозициянын пикиринде, Армения өкмөтү Тоолуу Карабак маселесинде Азербайжанга жеңилдик кылууну көздөп жатат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6545