ГЭС-2 районунда үй жарылып, өспүрүм бала каза болду
RU

ГЭС-2 районунда үй жарылып, өспүрүм бала каза болду

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

ГЭС-2 районунда үй жарылды. Бул жөнүндө өз көзү менен көргөн киши айтты.

ӨКМдин маалыматы боюнча Гагарин көчөсүндөгү үйдө газ трубасы жарылган. Анын айынан 14 жаштагы Д.Ж. каза болду. Ошондой эле, дагы бир киши жабыркаган.

Саат 15:00дө куткаруучулар, дагы 5 мүнөттөн кийин газ кызматынын бригадасы келген.

Куткаруучулар жаш баланын денесин чыгарып, милиция кызматкерлерине тапшырышты. Жабыркаган киши ооруканага жеткирилди. Анын абалы канааттандырарлык.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/654