4-майда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот
RU

4-майда көпчүлүк аймактарда жаан-чачын болот

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызгидромет борборунун маалымдашынча, 4-майда өлкөнүн көпчүлүк аймактарында жамгыр, тоолуу жерлерде кар жаайт. Күн күркүрөйт, батыш тараптан жел согуп турат.

Абанын температурасы:

Чүй өрөөнүндө түнкүсүн 11...16, күндүз 20...25,

Талас жергесинде түнкүсүн 9...14, күндүз 19...24,

Баткен, Ош, Жалал-Абад облустарында түнкүсүн 14...19, күндүз 22...27,

Ысык-Көл дубанында түнкүсүн 8...13, күндүз 18...23,

Нарын облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 19...24,

Бийик тоолуу райондордо түнкүсүн 0...5, күндүз 4...9°.

Бишкек шаарында түнкүсүн жаан жаап, күн күркүрөйт. Күндүз мезгил-мезгили менен жамгыр жаайт. Түнкүсүн 14…16, күндүз 21…23 градус жылуу болот.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6556