Президенттик футбол: Садыр Жапаровдун командасында кимдер бар
RU

Президенттик футбол: Садыр Жапаровдун командасында кимдер бар

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн президент Садыр Жапаров катышып жаткан "Мурас" футболдук мелдеши башталды.

Мамлекет башчынын командасында УКМКнын төрагасы Камчыбек Ташиев, маданият министри Азамат Жаманкулов, социалдык өнүктүрүү министри Кудайберген Базарбаев жана башка расмий адамдар бар.

Чүчү кулактын жыйынтыгында "Мурас" футболдук турниринин катышуучулары тайпалык баскычтагы атаандаштарын тааныды:

  • А тобу: Президенттик аппарат, "Ден соолук", Жогорку Кеңеш;
  • Б тобу: "Өнөр", "Билим", "Ыйман";
  • С тобу: "Бизнес", "Элчилер", "Спорт федерациясы";
  • Г группасы: "Алга", "Аймактар", "Журналисттер".

4-майда тайпалык жана чейрек финалдык оюндар, 5-майда жарым финал, үчүнчү орун үчүн беттеш жана финал болот.

Оюндарды Коомдук телерадиоберүү корпорациясы, КТРК Спорт телеканалы түз алып көрсөтөт.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6561