Мариуполдогу театрга урулган авиасоккудан 600дөй адам өлгөн
RU

Мариуполдогу театрга урулган авиасоккудан 600дөй адам өлгөн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Украинанын Мариуполь шаарындагы драма театрга россиялык аскерлердин 16-мартта жасаган авиасоккусунан 600дөй адам каза тапкан. Бул тууралуу Associated Press (AP) маалымат агенттигинин журналисттик иликтөөсүндө айтылган.

Журналисттер аман калган адамдар арасында сурамжылоо жүргүзгөн, имараттын кабаттуу пландарын, соккуга кабылганга чейинки сүрөттөрдү жана видеолорду анализдешкен. Театрдын 3D-модели түзүлүп, күбөлөрдүн кайсы жерде жашынып жатканы тууралуу маалыматтардын негизинде маркумдардын саны аныкталган.

Күбөлөр имараттын дээрлик ар бир чарчы метринде бирден адам болгонун билдирген. Адамдар коридорлордо, бөлмөлөрдө жаткан. Ашкананын өзүндө эле 100дөй адам болгон, алардын бирөө да тирүү калган эмес.

Associated Press сөөктөрдүн көбүн Россия чыгарып кеткенин жазды. Агенттиктин иликтөөчүлөрү согуш маалында өлгөндөрдүн так санын айтуу кыйын экенин, бирок спутниктен алынган кадрлар менен кеп болгон сан аныкталганын белгилешкен.

Иликтөөдөгү сан шаардык бийликтин мурда айткан эсебинен эки эсе көп. Шаар бийлиги театрдын астындагы баш калкалоочу жайларда кеминде 300дөй адам каза болгонун билдирген. Кызыл Чырым уюму мерт болгондордун саны 500дөн кем эмес экенин айткан.

Драма театрдын чатырында куш учкан бийиктен көрүнө турган "балдар бар" деген жазуу болгон. Ага карабай имаратка авиасокку урулганын ЕККУ эл аралык гуманитардык укукту бузуу катары баалап, аскердик кылмыш деп мүнөздөгөн.

Россиянын Коргоо министрлиги театрды украин аскерлери аткылаганын билдирип, өз аскерлерин актаган болчу. Бирок ага жетиштүү далил келтире алган эмес.

Украинанын Донецк облусунда, Азов деңизинин жээгинде жайгашкан Мариуполдун дээрлик бардык аймагын орус аскерлери март айында басып алган. "Азовсталь" заводунун аймагында калган украин аскерлери гана каршылыгын улантып, толугу менен курчоодо калган.

Заводдун жер төлөсүндөгү баш калкалоочу жайларда миңдей украиналык жашынып жатканы айтылган. Шаарда канча киши өлгөнү белгисиз. Жергиликтүү бийликтер кеминде 20 миңдей адам өлгөнүн, шаардагы курулуштардын 90% талкаланганын кабарлоодо.

Маалымат Azattyk.org сйтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6570