Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү
RU

Камчыбек Ташиев чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары - Кыргыз Республикасынын Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитетинин төрагасы, Кыргыз Республикасынын Мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын башчысы Камчыбек Ташиев коңшу мамлекеттер менен чек ара маселеси боюнча жыйын өткөрдү. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы маалымдады.

Жыйынга кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек арасын делимитациялоо жана демаркациялоо боюнча Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын туруктуу мүчөлөрү катышты.

Жыйында кыргыз-тажик жана кыргыз-өзбек мамлекеттик чек араларын делимитациялоо жана демаркациялоо маселелери талкууланды.

Камчыбек Ташиев белгилегендей, Өкмөттүк делегация Кыргыз Республикасынын кызыкчылыктарын эске алуу менен иш жүргүзүлөт, атап айтканда, коңшу мамлекеттердин делегациялары менен сүйлөшүүлөр туруктуу негизде жүргүзүлүүдө.

Кеңешменин жыйынтыгында Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары Кыргыз Республикасынын Өкмөттүк делегациясынын мүчөлөрүнө бир катар тапшырмаларды берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6575