"Достук" мейманканасынын жетинчи кабатынан кыз кулап кетти
RU

"Достук" мейманканасынын жетинчи кабатынан кыз кулап кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкекте "Достук" мейманканасынын жетинчи кабатынан кыз кулап кетти. Бул тууралуу маалыматты укук коргоо органдарынан кабарлашты.

Маалыматка ылайык, 26 жаштагы кыз достору менен мейманканада эс алып жүргөн. Үчөө тең спирт ичимдиктерин ичкен.

Балконго чыккан кыз жетинчи кабаттан кулап кеткен. Ал окуя болгон жерде көз жумган. Анын денесинен эч кандай зордук-зомбулук табылган жок.

Милиция окуянын бардык жагдайларын такталаарын айтты.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6579