Кыргыз-өзбек чек арасында каза тапкандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон
RU

Кыргыз-өзбек чек арасында каза тапкандар бир үй-бүлөнүн мүчөлөрү болгон

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Өзбекстандын чек арачыларынын огунан бир үй-бүлөдөгү үч жаран - 48 жаштагы киши жана анын 22 жана 24 жаштагы эки уулу каза болгон. Бул тууралуу "Азаттыкка" окуя катталган Актам айыл өкмөтүнүн башчысы Мирлан Камчыбеков билдирди. Ал буга чейин акыркы беш жылда мындай окуя болбогонун айтып, анын негизги себептерин атаган жок.

"Азыр Чек ара кызматы сүйлөшүү жүргүзүп жатат. Аскерлер окуя болгон жерди курчап койгон. Жер Кыргызстанга карайт. Мен беш жылдан бери айыл өкмөт болуп иштейм. Мындай окуя биринчи жолу болуп жатат".

Кыргызстандын Чек ара кызматы 5-майда Жалал-Абад облусунун Ала-Бука районуна караштуу Актам айыл өкмөтүндөгү Дөбө-Коргон деген жерде Өзбекстандын чек арачылары кыргызстандык үч жаранга курал колдонуп, анын кесепетинен үчөө тең ооруканада каза тапканын билдирди.

Кыргыз-өзбек чек арасында үч адамдын атылышы боюнча эки өлкөнүн чек арачылары сүйлөшүү жүргүзүп жатат.

Окуя катталгандан кийин анын чоо-жайын тактоо максатында Ала-Бука багыты боюнча чек ара өкүлү Өзбекстандын Янги-Курган багыты боюнча чек ара өкүлү менен жолугушуу өткөргөн. Анда тараптар ички иликтөөлөрдүн жыйынтыгы менен жолугушууну 2022-жылдын 6-майында улантууну макулдашкан.

Булак: Азаттык

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6589