Путинге таандык делип жүргөн яхтаны Италия камакка алды
RU

Путинге таандык делип жүргөн яхтаны Италия камакка алды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

6-майда Италиянын бийлиги "Шехерезада" деген аталыштагы чоң яхтаны өлкөнүн Марина ди Каррара аттуу портунда камакка алды.

Яхта Россиянын президенти Владимир Путинге таандык экени болжолдонууда. Италиянын финансы полициясынын изилдөөсүнүн негизинде яхта "Еврошаркет санкция салган Россиядагы бийлик өкүлдөрүнө таандык" деген бүтүм чыккан.

140 метрлик кеменин болжолдуу баасы 700 миллион АКШ доллары деп эсептелген. Азыркы тапта анда оңдоо иштери жүрүп жаткан. New York Times гезити кеме 2-майда деңизге чыкканын жазган. Италия бийлиги кемени соттук териштирүү бүткүчө портто кармайт.

Алексей Навальныйдын тарапташтары дал ушул яхтанын ээси Владимир Путин экенин иликтеп чыккан. Италиянын La Stampa гезити кеменин ээси "Роснефть" ишканасынын мурдагы жетекчиси Эдуард Хуйданатов деген маалыматты таркаткан. Англиянын The Guardian гезити Италиянын финансы полициясы үчүн кеменин ээсин табуу өтө кыйын болорун, себеби аны менен бир топ компания байланышта экенин жазды.

Акыркы жумаларда Еврошаркеттин деңиз портторунда Россиянын миллиардерлери Алексей Мордашов, Геннадий Тимченко, Алишер Усманов, Виктор Вексельбергдин яхталары санкциялардын негизинде кармалган.

Апрелдин этегинде АКШ бийлиги Кремль менен байланышы бар байлардын активдерди, яхталарды конфискациялап, түшкөн каражатты Украинага гуманитардык жардам катары берүү тууралуу мыйзам долбоорду талкууга койгон.

Маалымат Azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6592