9-кабаттан боюн таштайм деген аялды аман алып калышты (видео)
RU

9-кабаттан боюн таштайм деген аялды аман алып калышты (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бишкектеги курулуштардын бирине чыгып алган келин боюн таштап жанын кыюуга аракет кылган. Бул тууралуу Өзгөчө кырдаалдар министрлиги билдирди.

5-май күнү, болжол менен саат 18:20да, Бишкектин Байтик Баатыр жана Кулатов көчөлөрүнүн кесилишинде салынып жаткан көп кабатту үйлөрдүн биринен аял секирүүгө аракет кылып жатат, деген билдирүү келип түшкөн.

Аталган жерге куткаруучулар бригадасы тез арада келип, тогузунча кабаттагы аялды аман-эсен алып калып, Ички иштер министрлигинин кызматкерлерине тапшырышкан.

Социалдык тармакта куткаруучулар аны имараттан түшүрүп алып жаткан видео тараган. Анда курулуштун чети тосулбаганы даана көрүнүп турат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6593