Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады
RU

Путин Садыр Жапаровду жана кыргызстандыктарды Жеңиш күнү менен куттуктады

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Россия Президенти Владимир Путин Президент Садыр Жапаровду жана Кыргызстан элин Улуу Ата Мекендик согуштагы Жеңиштин 77 жылдыгы менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин администрациясынын маалымат бөлүмү билдирди.

"Ушул күнү биз фронтто фашисттик баскынчыларга каршы эрдик менен салгылашып, жалпы Жеңиш үчүн тылда жан аябастан эмгектенген аталарыбыз менен чоң аталарыбыздын эрдиктерин чексиз ыраазычылык жана сыймыктануу менен эскеребиз.

Согуштун оор жылдарында чыңдалган достуктун жана өз ара жардамдашуунун салттары мындан ары да союздаштык жана стратегиялык өнөктөштүк духунда орус-кыргыз мамилелерин өнүктүрүүгө кызмат кыла берерине ишенем", - деп айтылат Россия Президентинин куттуктоосунда.

Владимир Путин Кыргызстанда жашаган бардык ардагерлерге жана тыл эмгекчилерине чын жүрөктөн чыккан куттуктоолорун жана ыраазычылык сөздөрүн айтып, аларга чың ден соолук, бакубатчылык жана узун өмүр каалады.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6605