Тергөөчүлөргө нааразылар Башкы прокуратуранын алдында митинг өткөрүп жатышат (видео)
RU

Тергөөчүлөргө нааразылар Башкы прокуратуранын алдында митинг өткөрүп жатышат (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 10-майда бир нече адам Башкы прокуратуранын имаратынын алдына Сокулук районунун прокуратурасы менен ички иштер башкармалыгынын кызматкерлерине нааразычылыгын битлдирип митингге чыгышты.

Митингчилердин биринин айтымында, акциянын катышуучулары А.К.нын аракетинен жапа чеккен эки үй-бүлөнүн мүчөлөрү.

"Ал I топтогу майып апама 5 миң доллар сунуштаган. Кийин алдап, үйүн өзүнө каттатып алган. Азыр атам экөө көчөдө калышты", - дейт митингге келгендердин бири.

Жабырлануучулар Орок айылынын тургундары. Алардын айтымында үч жыл мурун Сокулук РИИБге арыз жазышкан. Тергөөчү аракет кылбай, кийин райондук прокуратурага кайрылышканда алар да ишин карашкан эмес.

"Ушул убакка чейин иш жылбай, сүйрөлүп келет. Ал эми кылмышка шектүү адам биздин үстүбүздөн күлүп, тергөөчүгө эбак эле пара берип койгонун айтат", - дейт митингчи.

Экинчи жабырлануучунун дагы Токмоктогу үйүн кайра каттатып койгон. Анын айтымында, мындай курмандыктардын саны 50гө жакын.

"Башкалары арыз жазгандан коркушат. Анткени ал баарын коркутуп, жада калса бирөөсүнүн уулун өлтүрөм деп коркуткан.

Митингчилерди Башкы прокуратуранын өкүлү чакырып, алардын ишин кароого убада берген. Схема бардык жерде бирдей, 5 миң доллар берет, анан гарант катары үйлөрдү, батирлерди өзүнө каттатып коёт. Себеби кредиттик келишимди толук окубай, байкабай кол коюшкан", - дейт митингге келгендердин дагы бирөөсү.

Башкы прокуратуранын өкүлү митингчилерди чакырып, алардын ишин кароого убада берген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6617