Депутат Надира Нарматова журналситти каргады (видео)
RU

Депутат Надира Нарматова журналситти каргады (видео)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

11-майда Жогорку Кеңештин ашканасында депутат Надира Нарматова менен SuperTV телеканалынын журналисти уруша кетишти.

Журналист Жогорку Кеңештин ашканасы жөнүндо материал даярдап, бир нече депутат тамактанып жаткан залга киришкен. Ал депутаттарга кайрылып, тамак-аштын сапаты боюнча комментарий берип коюну суранган. Бирок Надира Нарматова аны урушуп, колундагы микрофонун жулуп алганга аракет кылган.

"Биз өзүбүздүн жумушубузду жасап жатабыз. Эми ушу жакшыбы? Вообще акмак экенсиңер. Азыр ушуну чыгарасың эми. Эмне үчүн менин оозума тососуң? Эмне тамак жеп жатканым менен эмне ишиң бар? Коомчулукка бизди жаман көрсөтүп жатасың! Мындай кылсаң, кудайдын жазасына каласың, өнбөйсүң, көктөбөйсүң кызым! Сага айтып коёюн, кызым. Бизди маскара кылып көрсөтүп жатасың!" - деп Нарматова айтты.

Журналист кыз материал даярдап жатканын түшүндүрүүгө аракет кылды, бирок депутат аны уккан жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6646