Президент: 100 миң тонна үнөмдөлдү. Себеби таза көмүр жактык
RU

Президент: 100 миң тонна үнөмдөлдү. Себеби таза көмүр жактык

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Садыр Жапаров быйылкы кыштан кыйынчылыксыз чыкканыбызды белгиледи. Бул тууралуу өлкө башчысы Facebook баракчасына жазган.

Динамика көрсөтүп тургандай, 2019-жылы Кара-Кече көмүр кенинен эң көп көлөмдө - 554 миң тонна көмүр казып алыптырбыз. Ал эми 2021-жылы 1 миллион 225 миң тонна көмүр казып алууга жетиштик.

Кудай буюрса, алдыдагы кыш мезгилине карата көмүр казууну 1 миллион 500 миң тоннага жеткиребиз деп пландап жатабыз. Бишкек ЖЭБине жылдагыга караганда 100 миң тонна көмүр аз жагылып, 100 миң тонна үнөмдөлдү десек болот. Себеби таза көмүр жактык.

Өз убагында катуу көзөмөлдөп турсак эле баары орду ордуна келет экен", дейт президент.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6652