Эдил Байсалов: Камчыбек Ташиев өз киндигин өзү кескен адам (self-made man)
RU

Эдил Байсалов: Камчыбек Ташиев өз киндигин өзү кескен адам (self-made man)

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Иш күндүн кечи" программасында Камчыбек Ташиевдин үй-бүлөсүнүн бизнесине байланышкан журналисттик иликтөөгө комментарий берди. Ал дагы бир жолу Ташиевди жактады.

Буга чейин Темиров Live редакциясынын журналисттери Камчыбек Ташиевдин мунай бизнеси тууралуу иликтөө жасаган. Иликтөөдө Ташиевдин баласынын компаниясы көпчүлүк учурда тендерден утуп чыгары айтылган.

Байсалов бул окуяны манипуляция деп эсептейт.

"Бул манипуляция. Эми эле тендерден ута башташты деп жатышат. Камчыбек Ташиев бензинди цистерна менен жолдун боюнда туруп сата баштаган. Кийин Жалал-Абадда май куюучу станциялардын тармагы менен иштеп чоң бизнесменге айланды. Ал өзүн-өзү жараткан адам. Ал ишкерликтен баштап саясатка чейин өзүн көрсөтө алды. Ал Акаевдин убагында эле бензин сата баштаган", - деди Байсалов.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6656