13-майга карата аба ырайы
RU

13-майга карата аба ырайы

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

13-майда түнкүсүн Ош, Жалал-Абад, Ысык-Көл облустарынын кээ бир райондорунда жаан, бийик тоолордо кар жаайт, калган аймактарда жаан-чачын болбойт. Күндүз Талас, Жалал-Абад, Баткен облустарынын көпчүлүк аймактарында, Чүй, Ош, Ысык-Көл, Нарын облустарынын кээ бир жерлеринде жаан, бийик тоолордо кар жаайт. Батыш тараптан келген шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге, кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.

Абанын температурасы:

  • Чүй облусунда түнкүсүн 7...12, күндүз 22…27;
  • Талас жергесинде түнкүсүн 6...11, күндүз 21…26;
  • Баткен, Ош, Жалал-Абад дубандарында ​түнкүсүн 11…16, күндүз 25…30;
  • Ысык-Көл жана Нарын облустарында түнкүсүн 3…9, күндүз 15…21;
  • Бийик тоолордо түнкүсүн 0…-5, күндүз 2…7 градус.
  • Бишкекте түнкүсүн жаан-чачын жаабайт, күндүз жаан жаайт . Абанын температурасы түнкүсүн 10…12, күндүз 23…25 градус болот.

Маалымат Azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6658