16-майда ЖККУнун юбилейлик саммити өтөт. Украинадагы кырдаал да козголушу мүмкүн
RU

16-майда ЖККУнун юбилейлик саммити өтөт. Украинадагы кырдаал да козголушу мүмкүн

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

16-майда Москвада Жамааттык коопсуздук келишим уюмунун (ЖККУ) юбилейлик саммити өтөт. Бул тууралуу журналисттерге Россиянын президентинин басма сөз катчысы Дмитрий Песков билдирди, деп маалымдайт ТАСС.

"16-майда ЖККУнун 30 жылдыгына карата уюмга мүчө-мамлекеттердин саммити өтөт. Мында лидерлердин жолугушуусу да, эртең мененки тамак форматындагы өзүнчө баарлашуу да болот",- деди Песков.

Ал кошумчалагандай, бул иш-чаранын жыйынтыгында ЖККУнун башкы катчысы Станислав Зас менен Армениянын премьер-министри Никол Пашинян ЖМКларга билдирүү жасашат. Бул өлкө азыр уюмга төрагалык кылат.

Песков мурда маалымдагандай, ЖККУга мүчө өлкөлөрдүн лидерлеринин жолугушуусунда Украинадагы кырдаал да козголушу мүмкүн.

Саммиттин алкагында Россия Федерациясынын жана Беларустун президенттери Владимир Путин менен Александр Лукашенконун эки тараптуу жолугушуусу күтүлүүдө.

ЖККУ – эл аралык коопсуздук уюму, анын курамына учурда алты мамлекет: Армения, Беларусь, Казакстан, Кыргызстан, Орусия жана Тажикстан кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6662