Хабибула Абдукадырдын (Райымбек Матраимовдун өнөктөшү) учагы Бишкекке келген
RU

Хабибула Абдукадырдын (Райымбек Матраимовдун өнөктөшү) учагы Бишкекке келген

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Журналист-иликтөөчү Болот Темиров 10-майда, Бишкекке T7VIP1 номериндеги учак бир саатка конгонун айтып чыкты. Ал учак Хабибула Абдукадырдын учагы, ал эми Хабибула бажы кызматынын төрагасынын экс орун басары Райымбек Матраимовдун бизнес өнөктөшү экени көпчүлүккө белгилүү.

Темиров билдиргендей, учак Дубайдан 10-майда 19:15те келген, ал эми 20:15те Бишкектен Алматы шаарын көздөй учуп кеткен.

"Сүрөттөгү учак Hyper Partners компаниясына таандык экени түшүнүктүү. ОpenDemocracy басылмасынын иликтөөсү аталган компания Хабибула Абдукадыровго таандык экенин аныктаган. Бул киши Райымбек Матраимов менен биргеликте көптөгөн журналисттик иликтөөлөрдүн фигуранттары болуп келишкен. Алар Кыргызстандан көп суммадагы акчаны чынарып кетишкен деп айыпталган", - деп Темиров белгиледи.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6666