Индияда ата-энеси келини менен уулун балалуу болбогону үчүн сотко берди
RU

Индияда ата-энеси келини менен уулун балалуу болбогону үчүн сотко берди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Индиялык улгайган жубайлар уулу менен келинин бир жылдын ичинде балалуу болбосо компенсация төлөп берүү талабы менен сотко берди. Бул тууралуу чет элдик басылмаларга таянып Коомпресс жазып чыкты.

Маалыматка ылайык, улгайган жубайлар Индиянын Уттаракханд штатындагы Харидвар шаардык сотуна арыз менен кайрылышкан. Алар келини менен уулу бир жылдын ичинде балалуу болбосо, 50 миллион рупий (53 жарым миллион сом) өлчөмүндө компенсация талап кылышкан. "Биздин уулубуздун үйлөнгөнүнө алты жыл болду. Бирок алар дагы эле балалуу болууну пландабай жатышат. Биз неберебиз менен убакыт өткөргүбүз келет", – деген улгайган жубайлар.

Жубайлар талап кылган компенсацияга беш жылдыздуу мейманканада үйлөнүү үлпөтүн өткөрүүгө кеткен чыгымдар, баасы 6 миллион рупийден ашкан кымбат баалуу унаа, ошондой эле жубайлардын Таиланддагы бал айынын акысы кирет.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6671