Камчыбек Ташиевге келген аялды милиция сүйрөп чыкты
RU

Камчыбек Ташиевге келген аялды милиция сүйрөп чыкты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

УКМКнын алдына адилеттүүлүк издеп Камчыбек Ташиев менен жолугушууну каалаган жарандар келишкен. Бирок милиция аларды кууп, күч колдонгон.

Алымбүбү Тостокованы милиция буту-колунан кармап, УКМКнын дарбазасынан сыртты көздөй сүйрөп чыгышкан.

Анын айтымында УКМКнын дарбазасынын алдына 5-6 киши чогулган. Бардыгы ведомствонун жетекчиси менен жолугушууну күтүп отурушкан. Бир кезде кайгуул кызматынын унаасы келип токтоп, милиция отургандарды кеткиле деп кууй баштады.

"Биз болбой койгонубузда күч колдонушту. Менин башым айланып, кан басымым көтөрүлүп кетти. Кант диабетим бар", - деп Тостокова айтып берген.

Маалымат [urlhttps://24.kg/]24.kg[/url] сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6672