Бишкекте Энелер күнүнө карата көп балалууларга 1000 сомдон жөлөк пул берилет
RU

Бишкекте Энелер күнүнө карата көп балалууларга 1000 сомдон жөлөк пул берилет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстанда Энелер күнү жыл сайын май айынын үчүнчү жекшембисинде белгиленет. Быйыл майрам 15-майга туура келет. Бул күн борбор калаада кандай белгиленерин Бишкек мэриясы айтып берди.

Борбор калаанын акимдиктери 865 энеге бир жолку материалдык жардам көрсөтөт.

  • Көп балалуу аялдарга, "Баатыр эне" жана "Эне даңкы" наамы бар энелерге;
  • Үч эм, төрт эм төрөгөн энеге;
  • беш балалуу жана мамлекеттик "Үй бүлөгө көмөк" пособиясын алуучу аялдарга.

Бул аялдардын баары мэриянын аймактык социалдык өнүктүрүү бөлүмдөрүндө каттоодо турат. Алардын ар бирине 1000 сомдон берилет, аны почта бөлүмдөрүнөн алса болот.

Ошондой эле Баатыр энелерге белектерди тапшыруу, үйлөрүнө зыярат кылуу жана башка майрамдык иш-чараларды уюштуруу пландалды.

Маалым болгондой, майрамдын урматына материалдык колдоо көрсөтүүгө жалпысынан 1 млн 277,5 миң сом каралган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6677