"Северная" бажысынын жетекчиси Нурбек Айбашев чет өлкөгө качып кетти
RU

"Северная" бажысынын жетекчиси Нурбек Айбашев чет өлкөгө качып кетти

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

"Северная" бажысынын мурунку жетекчиси Нурбек Айбашев чет өлкөгө качып кетти. Бул тууралуу Kaktus.kg'ге адвокат Майрамбек Жумабеков билдирди.

Эске салсак, Айбашев 2018-жылы камалган болчу. Ал Бажы кызматы түптөлгөн мезгилден бери иштеп, 2016-жылы структурадан чыгып кеткен. Финпол Айбашевди мамлекетке 166 миллион сом зыян алып келди деп айыптап чыккан. Ал КРдин Жазык кодексинин бир нече беренеси боюнча шектелүүдө. Иликтөөнүн жүрүшүндө бажы башкармалыгынын мурунку жетекчси Замирбек Ниязалиев жана башкалар да камакка алынган болчу.

Адвокаттын айтымында, Октябрь райондук соту 15 айыпталучуга айып пул салуу бүтүмүн чыгарган. Учурда Ниязалиев Бишкектеги СИЗО-1де отурат. Калгандары эркиндикте.

Айыптоочу тарап Бишкек шаардык сотуна апелляция берген.

Жумабеков билдиргендей, процесстер улам создуктурулуп, Айбашев ооруп жатат деп айтып келишкен. Эми ал эчак эле чет өлкөгө качып кеткени ачыкталып жатат.

"Кайсы өлкөгө кеткени белгисиз. Сот кат жөнөтүп, прокурорго да кайрылып, кийинки процесске чейин кайсы фамилия менен кайсы жака учуп кеткенин чек ара кызматынан сурап билүүсү керектигин айтты. Анын иши өзүнчө бөлүнүп алып, эл аралык издөөгө салынат. Башка фигуранттар өзүнчө каралат. Бир кишинин азабын бары тартмак беле. Алардын да тагдырын чечиш керек. Айбашев жок болгондуктан иш созулуп кетти", - деп адвокат айтып берди.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6683