Эдил Байсалов Акылбек Жапаровго болушам деп Чолпон Джакуповага катуу айтты
RU

Эдил Байсалов Акылбек Жапаровго болушам деп Чолпон Джакуповага катуу айтты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов "Адилет" укук коргоо клиникасынын жетекчиси Чолпон Джакуповага катуу сөз айтты.

Мындан мурун Чолпон Джакупова Акывлбек Жапаровду "Рух Ордо" борборунда тосуп алуу видеосуна нааразы болуп, "эстүү адамды өзүбүз эле эсинен тайдырабыз" деп жазган. Андан тышкары, ал министрлер кабинетинин төрагасына кайрылып, мындай орто кылымды элестеткен, кул мүнөздөгү кемсинтүүчү көрүнүштөргө тыюу салуу керек деп суранган.

Чолпон Джакупова так ушул видео боюнча комментарий жазган.

Министрлер кабинетинин төрагасын коргоп чыккан Эдил Байсалов бул туристтик сезондун ачылышынын алкагында жасалганын айтып, мыйндай театралдашкан тосуп алуу туризмдин бир бөлүгү дейт.

"Эки күн Чолпон-Атада туризмге арналган бир канча иш чара оттү. Азыр фейсбукту ачсам, баягылар эле ичитарлык, көрө албастыктарын улантышып, "хан кылып тозупсуңар, андай кылбагыла" деп акыл үйрөтүшүптүр.

Эл журт, мобул Атай Бейшенбек, Чолпон Жакупова жана баягылар өмүрүндө эмне көрүшкөн, эмнени билишет? Кече "Рух Ордо" борборуна дипломатиялык корпус, он чактыдай элчи, бир канча алыскы жана жакынкы мамлекеттен расмий жана ири бизнестин өкүлдөрү, республикабыздын булун бурчунан туризм менен алектенген жүздөгөн адистер, борбордон жана өрөөндөн жооптуу кызматкерлер, короо толо журналисттер чогулушту. Туризм сезону ачылды. Эң сонун театрлаштырылган концерт уюштурулду. Көргөзмо выставка жайылды. Айтоор, ишчара эң мыкты деңгээлде өттү!

Туризм өлкөсү болгондон кийин, биз өзүбүздүн өнөрүбүздүн ар кандай түрлөрүн чыгардык. Алп баатырларыбызды койдук, сонун терилерди жабынган, аспаптарды ойноттук. Мунун баары майрам дагы, ошол эле учурда көргөзмө. "Бизде эмнебиз бар" деп сыртка дагы, өзүбүзгө да көрсөтүү. Анан ошондой оюн зоокту, театрлашкан майрамды баягылар тескери бурмалап, кошоматтыкка айланткандары - бул түркөйлүк жана кадимки көрө албастык. Мындай майрамдар дүйнө жүзү өтөт. Эн өнүккөн, баягылар сыйынган "демократиялык" өлкөлөрдө да болот. Мунун эч кандай туура эмес жагы жок!

Мен дагы бир катураак айтат элем. "Эмоцияга алдырба" деп атышат. Өмүрүндө эчтеке көрүп билбегендерди укпагыла. Мамлекет эмне экенин м тамгасын да билишпейт. Анан ышкыргандары таш жарат дейсиң", - деп министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов Facebook'тагы баракчасына жазган.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6689