Алымкадыр Бейшеналиев: Мени "подстава" кылгылары келди
RU

Алымкадыр Бейшеналиев: Мени "подстава" кылгылары келди

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Саламаттыкты сактоо министрлигинин камактагы экс-кызматкеринин акчасы медайымдардын майрамында чогултулган. Бул тууралуу Kaktus.media сайтына саламаттыкты сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев билдирди.

Анын айтымында, кармалган жаран Саламаттыкты сактоо министрлигинин жетекчисинин кеңешчиси эмес.

"Баары менин кеңешчим деп жазып жатышат. Ал мурун Министрдин орун басарынын катчысы болуп иштечү. Анвн алган акчасы майрамга карата болчу. Маалым болгондой, жакында эле медайымдардын күнү белгиленген. Анын туугандары кафенин ээлери болгону үчүн ал бизге уюштуруу иштерине жардам берди. Ошого төлөсүн деп акча берилген. Ошол маалда ал кармалды", - деди министр.

Бейшеналиевдин ою боюнча аны "подстава" кылгысы келген.

"Ушундай жол менен мени отургузгусу келип, бейкүнөө кыз кармалды. Чыгашанын бир бөлүгүн өзүм жаап, бир ат бердим", - деди Саламаттыкты сактоо министрлигинин башчысы.

Эске салсак, 13-майда 100 миң 500 сом пара талап кылган деген шек менен кармалган жаран Бейшеналиевдин жардамчысы делген эле.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6692