Элчилик Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан Кыргыз жараны тууралуу билдирүү таратты
RU

Элчилик Украинадагы куралдуу кагылышка катышкан Кыргыз жараны тууралуу билдирүү таратты

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Кыргызстандын Украинадагы элчилиги интернетте аталган өлкөнүн аймагындагы согуштук аракеттерди чагылдырган фото жана видео материалдарды активдүү жарыялаган К.у.А. аттуу Кыргыз жараны тууралуу билдирүү жасады. Бул туурасында элчи Идрис Кадыркулов Фейсбуктагы баракчасына жазды.

Анын айтымында, элчилик ага аскердик иш-аракеттерге катышпоо жөнүндө бир нече ирет эскерткен.

"Эвакуациялык иш-чаралар башталгандан тартып элчилик ага Кыргызстанга бекер кетүүсүнө жардам берүүгө даяр жана аскердик иш-аракеттерге катышпоо керек экендигин бир нече ирет айтып, эскерткен. Бирок ал Кыргызстанга кайтуудан баш тарткан.

Аталган жаран аймактык күзөт кызматында (территориальная оборона) санитарларга жардам берип жүргөндүгү белгилүүболгон. Бул тууралуу Кыргызстандын тийиштүү органдарына ошол замат кабар берилген", - деп жазды элчи.

Ошондой эле элчилик Украинанын аймагында жүргөн бардык Кыргыз жарандары тууралуу кабардар экени маалымдалды.

Булак: Супер.кж

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6693