Өзбекстанда россиялыктар ачкан компаниялар көбөйдү
RU

Өзбекстанда россиялыктар ачкан компаниялар көбөйдү

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Апрелде коңшу Өзбекстанда россиялыктардын үлүшү бар 103 компания каттоодон өттү. Бул быйылкы жылдын январына караганда төрт, мартына салыштырмалуу эки эсе көп.

Мамлекеттик статистика комитетинин жаңы баяндамасында быйыл январдан апрелге чейин чет элдиктер катышкан 798 компания катталганы көрсөтүлгөн. Орусиялыктар менен 210 компания катталса, түрктөр 128 ишкана түзгөн. Үчүнчү орунда Кытай туруп, 74 компания ачкан.

Украинада согуш башталганы Өзбекстанда түзүлгөн россиялык компаниялардын саны кескин көбөйгөн. Мисалы, январда 23 ишкана, февралда – 28, мартта 56га жеткен. Апрелде болсо 103 ишкана түптөлгөн.

Мындан сырткары коңшу өлкөнүн маалымат жана байланыш тармагында 45 компания чет элдиктердин катышуусунда түзүлгөн.

Өзбекстанда IT-компаниялардын кескин көбөйгөнү дагы Москвага каршы Батыш салган санкцияларга байланыштуу. Ондогон орусиялык IT-компания менен адистер Ташкентте кеңсесин ачып, ишин уюштуруп жатканы маалым.

Маалымат Azattyk.org сайтынан алынды.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6698