Бекешев Жапаровго Бишкектин чыгыш тарабына бийик имараттарды эмес, бак курууга чакырды
RU

Бекешев Жапаровго Бишкектин чыгыш тарабына бийик имараттарды эмес, бак курууга чакырды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Депутат Дастан Бекешев президент Садыр Жапаровго Бишкекте эбегейсиз сейил бак уюштурууну сунуштады.

Анын айтымында, борбор калаанын башаламан өнүгүүсү экологияга зыян келтирилүүдө. Кышында түтүндүн көбөйүшүнө да ушул себеп. Мындан тышкары баш аламан өнүгүү инженердик инфраструктуранын ашыкча жүктөлүшүнө, жол тыгынына, бала бакчалардын жана мектептердин жетишсиздигине алып келет.

Депутат Бишкектин 2025-жылга чейинки башкы планында шаарды чыгыш жана батыш багыттарына кеңейтүү каралганын белгилеп, азыртан ойлонбосо, бул нерсе борбордун өзүн талкалап, экологиялык катастрофалык кесепеттерге алып келиши мүмкүн экенин белгиледи.

Ошондуктан шаардагы сейил бактарды көбөйтүү, жашыл мейкиндиктерди көбөйтүү маселеси актуалдуу болуп жатат.

"

Учурдагы кырдаалды эске алуу менен Бишкектин чыгыш тарабына эбегейсиз чоң парк түзүүнү сунуштайм. Достоевский көчөсүн бойлой Ахунбаев көчөсүнөн Горький көчөсүнө чейин жайгашкан бош жер тилкелеринин ордуна Лондондогу "Гайд Парк" жана Нью-Йорктогу "Централь Парк" сыяктуу парк түзсө болот", - деп жазган Бекешев Жапаровго.

Ал Бишкектин башкы планында бул жерге көп кабаттуу үйлөрдү куруу каралганын кошумчалады.

"Мындай болсо тоо тараптан айланган аба ТЭЦтен келген түтүндү алып кете албай, шаардын ичинде кала берет. Менин билишимче, жеке адамдарга сатылып кеткен жер тилкелери бар. Аларга жер тилкелерин трансформациялоого уруксат берилбеш керек. Бүгүнкү курулуштан түшкөн пайда эртең жарандардын ден соолугуна зыян келтирет", - деди депутат.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6699