Үч жыл мурун төрт кишини сүзүп өлтүрүп алган айдоочу бүгүн кармалды
RU

Үч жыл мурун төрт кишини сүзүп өлтүрүп алган айдоочу бүгүн кармалды

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Чүй облусунун ички иштер башкы башкармалыгынын кылмыш иликтөө бөлүмүнүн жана Кемин райондук ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери издөөдө жүргөн жаранды кармашты.

Маалым болгондой, 2019-жылдын май айында 1994-жылы туулган Р.У. төрт кишини сүзүп кетип, алар каза болушкан. 2022-жылдын январында сот Р.В.ны сыртынан эркиндигинен ажыратуу тууралуу чечим чыгарган. Сот аны издөөгө берүү өтүнүчү менен Кемин районунун ички иштер органдарына кайрылган.

Ошентип, 2022-жылдын 16-майында гана Бишкек шаарындагы ижарага алган батирлердин биринен Р.У кармалып, ички иштер органдарына жеткирилген.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6704