Мындан ары кыргызстандыктар Россияга чектөөсүз кирет
RU

Мындан ары кыргызстандыктар Россияга чектөөсүз кирет

Негизги жаңылыктар кыскача Telegram каналында

Бүгүн, 16-майдан тарта Кыргызстан менен Россиянын чек арасынан өтүүдөгү чектөөлөрдү алуу чечими кабыл алынды. Бул тууралуу өлкөнүн Кыргызстандагы элчилигинин басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматка ылайык, мындан ары кыргызстандыктар Россия кургактагы өткөрүү пункттары аркылуу дагы өтсө болот. Ал эми Россиянын жарандары орус-казак чек арасы аркылуу өтө алышат.

Андан сырткары Россияга кургактыктан өткөрүү пункттары аркылуу кирген ЕАЭБ өлкөлөрүнүн жарандары үчүн ПЧР тестинин жыйынтыгынын кажети жок.

Темаңыз барбы? Kaktus.kg'ге жазыңыз Telegram же WhatsApp: +996 (700) 62 07 60.
url: https://kaktus.kg/6706